19 март 2026
Кароолор: 2
Баткен шаарынын мэриясына техникалар тапшырылды
Техникаларды сатып алуу үчүн, Баткен облусун өнүктүрүү фондунан 8 000 000 сом, жергиликтүү бюджеттен 4 692 255 сом каржыланган. 3 техниканын жалпы баасы 12 692 255 сомду түздү.
Техникаларды шаарга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов тапшырып, жаңы техникалар элибизге узак убакытка кызмат кылуусун жана элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуусуна ишенимин билдирди. Ошондой эле бул саамалык-мамлекетибиздин аймактарды өнүктүрүүгө болгон өзгөчө колдоосунун белгиси деди.
-Асфальт тазалап- жуучу авто унаа
Бул техника – шаарда жолдорду жана көчөлөрдү механикалык тазалоо, чаңды басуу, суу чачуу, муниципалдык жана коммуналдык камсыздоо кызматтарын аткарууга ылайыктуу.
-Эвакуатор-манипулятор авто унаа
Бул техника –бузулган же жүрбөй калган техникаларды ташуу, атайын уналарды жүктөө, көтөрүү, шаар ичинде жана трассаларда кызмат аткарууга ылайыктуу.
-Самосвал Хово 10тонналык унаа
Бул техника –курулуш материалдарын ташуу (кум, шагыл, топурак) өндүрүш жана карьер иштеринде колдонууда кызмат аткарууга ылайыктуу.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы