24 июль 2025

Кароолор: 9

Баткен шаарында үч жерде ипотекалык үйлөрдүн курулушу жүрүүдө

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Баткен шаарында курулушу жүрүп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алды. Иштин жүрүшү боюнча жеринде куруучулардын маалыматын укту.

Шаардын Курманжан Датка жана Алымбек Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги 7 гектар аянтта "Асман резиденс №1" турак жай комплексинде 3, 2 жана 1 бөлмөлүү 12 кабаттан турган 37 блок үйдүн курулушу жүрүүдө.

Батирлердин жалпы саны 2364.

Курулуш 2026-жылдын соңуна аяктоо пландалган. Учурда курулуштун алды 6-кабатка көтөрүлдү. Курулуш материалдары, техникалар жетиштүү. 500дөй жумушчулар иштеп жатат.

Долбоор боюнча көп кабат үйлөрдүн алдында спорттук жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана соода түйүндөр пландалган.

“Менин үйүм - 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында 12 кабаттуу "Асман резиденс №1", "Асман резиденс №2" "Асман резиденс №3" турак жай комплексттери, Курманжан Датка-Алымбек Датка көчөлөрүндө, Садыков жана Нургазиев көчөлөрүндө курулуп жатат. Үч комплексттеги батирлердин жалпы саны 4116ны түздү. Ал эми Ипотекалык үйлөр облустун бардык район шаарларына, чек арага чектеш айылдарда куруу пландалган, ал үчүн жер участоктору ажыратылып, сунуштар жиберилген.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы