29 январь 2026
Кароолор: 9
Баткен шаарында “Суу-Башы”көмөк чордону пайдаланууга берилди
Иш чарага КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев,Улуттук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Ильгиз Сыдыгалиев, жергиликтүү жетекчилер, энергетиктер катышты.
Жетекчилер көмөк чордонун ишке киргизүү баскычын басышты.
110/35/10кВ болгон көмөк чордондун жалпы наркы 76 миллион 709 миң 894 сомду түзүп, ал Баткен электр тармактар ишканасы менен Баткен шаарынын мэриясынын биргелешкен аракетинин негизинде ийгиликтүү ишке ашырылды.
Долбоордун негизги максаты – калкты, өндүрүш объектилерин, ишканаларды жана келечектеги жаңы инвестициялык долбоорлорду туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу.
Көмөк чордондун ишке кириши Баткен шаарынын экономикалык потенциалын жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачат.
Иш чаранын жүрүшүндө Баткен электр тармактар ишканасына 5 автоунаанын (JAC N8 үлгүсүндөгү 3 автоунаа, JAC N56 үлгүсүндөгү 1 автоунаа жана 1 SHANMON экскватору) ачкычы да тапшырылды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы