16 сентябрь 2025

Кароолор: 5

Баткен шаарында Советтик Армиянын аскерлеринин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата Эл аралык иш-чара башталды

Баткен шаарында Советтик Армиянын аскерлеринин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата Эл аралык иш-чара башталды

Баткенге Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринен Ооган согушунун ардагерлери келип, согушта курман болгон баатырлар эскерилди.

Алар, Ооган согушунун курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүл коюп, алардын арбайына багыштап куран окушту.

Иш чаранын расмий бөлүгү Баткен облустук “Апаз Жайнаков” атындагы облустук драма театрда өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев катышып, облус башчысы Айбек Шаменовдун куттуктоосун жеткирип, сыйлыктарын тапшырды.

Абдирашит Ташбалтаев өз сөзүндө “Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген ардагерлердин бүгүнкү жолугушуусу – достуктун, боордоштуктун жана тынчтыкка болгон биргелешкен чакырыктын символу. Бүгүнкү күн – тарыхты эскерүү менен бирге, достукту чыңдоонун күнү” деп белгиледи.

Белгилей кетсек, алдыда иш чаранын алкагында ардагерлер спорттун бир канча түрү боюнча мелдешке катышат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы