22 август 2025
Кароолор: 22
Баткен шаарында эки объект ачылат

Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата, Баткен шаарында бир административдик имарат, бир өндүрүш ишканасы ачылып, пайдаланууга берилет. Алар;
-Облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имараты.
КРнын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын жаңы администативдик имаратынын курулушу, 36млн 281миң сомго республикалык бюджеттин эсебинен курулду.
-Асфальт-бетон заводу
Учурда ишкана бардык керектүү, заманбап жабдуулар менен жабдылып, асфальт жана шагыл чыгарууга толук даяр. Заводдун иши толугу менен автоматташтырылган. Жалпы 30га жакын адам жумуш менен камсыз болууда. Ишкана күнүнө 1000 тонна асфальт чыгаруу кубаттуулугуна ээ. 45 млн сом инвестиция салынган.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, объекттердин даярдыгын текшерип, бул объекттер шаар тургундарына укуктук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана инфраструктураны чыңдоого зор өбөлгө болот деген ишеничин билдирип, чечүүнү талап кылган мселелер боюнча көрсөтмөлөрдү берди.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы