19 декабрь 2025

Кароолор: 15

Баткен шаарында бийиктиги 35 метр болгон туу көтөрүлдү

Бүгүн 17-декабрда, Баткен шаарында, мамлекеттик туу, аскердик оркестрдин коштоосунда, бийиктикке салтанаттуу көтөрүлдү.

Аземге КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, шаар мэри Сейтек Кулубаев баштаган жетекчилер, шаар тургундары катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун көтөрүү аземинин өтүп жатышы – бул эгемендүүлүгүбүздүн жана келечекке болгон ишенимибиздин белгиси. Ал ар бир кыргызстандыкты мекенге болгон сүйүүгө, жоопкерчиликке үндөйт” деп, жалпы элди бул саамалык менен куттуктады.

35 метрлик желек сап жана анын инфраструктурасы, Баткен шаарындагы “Жаштык” жана “Жеңиш” эс алуу парктарынын реконструкциялоо долбоорунун негизинде, АРИС уюму тарабынан ишке ашырылган “Баткен облусун регионалдык экономикалык өнүктүрүү” программасынын алкагында жасалды.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы