20 ноябрь 2025
Кароолор: 8
БАТКЕН ШААРЫНДА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ
Эт 650сом
БАТКЕН ШААРЫНДА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ
Бүгүн Баткен шаарынын борбордук стадионунда күзгү айыл чарба продукцияларынын жана күнүмдүк керектелүүчү азыктардын жарманкеси уюштурулду.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаевдер, жарманкенин жүрүшүнө күбө болушту.
Жарманкеге дыйкан фермерлер,жергиликтүү өндүрүүчүлөр, арзан баадагы продукцияларын жайышты.
Учурда айыл чарба жарманкеси күн сайын облустун район шаарлаында уюштурулуп жатат.
Белгилей кетсек,жарманкеде элге 640-650сомдон эт сатылууда.
Жарманкенин максаты, жергиликтүү калкты негизги керектелүүчү азык түлүк менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу жана аймактагы бааларды турукташтыруу.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы