13 май 2025
Кароолор: 11
Баткен шаарында асфальт-бетон чыгарган завод ачылат

Баткен шаарынын өнөр-жай зонасында жайгашкан асфальт-бетон заводунун ачылуусу 31-август, өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө пландалган.
Учурда ишкана бардык керектүү, заманбап жабдуулар менен жабдылып, асфальт жана шагыл чыгарууга толук даяр.
Заводдун иши толугу менен автоматташтырылган. Адистер чоң техникаларды компьютер менен башкарат.
Жалпы 30га жакын адам жумуш менен камсыз болууда.
Ишкана күнүнө 1000тонна асфальт чыгаруу кубаттуулугуна ээ.
Ири өндүрүш ишканасын курулушу үчүн, шаардык мэрия 3 гектар жер аянтын ажыраткан.
Жеке ишкер Тынчтык Курбанбеков заводду ишке киргизүү үчүн 45млн сом инвестиция салган.
Заводдун курулушу менен Баткен облусундагы автожолдорду куруудагы асфальтка болгон муктаждык дээрлик жеңилдейт. Буга чейин облуста бир гана мамлекеттик асфальт заводу иштеп келген.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы