03 февраль 2025

Кароолор: 28

Баткен шаарын иретке келтирүү иштери жүрүүдө

Баткен шаарында кызыл сызык чегинен чыккан мыйзамсыз курулуштар, башаламан соода жүгүртүү учурларына бөгөт коюу иштери уланууда.

Тийиштүү мамлекеттик органдарынан түзүлгөн комиссия бүгүн да шаардын негизги көчөлөрүндө рейддик текшерүү иштерин жүргүздү.

Шаардын М.Нургазиев көчөсүндө мыйзамсыз курулуш ээлеринин көпчүлүгү буга чейинки эскертүүлөрдөн соң кызыл сызык чегине чыккан курулуштарын өз алдынча бузуп алышкан. Ал эми эскертүүгө баш ийбеген жарандардын курулуштары техниканын жардам менен бузулуп алынууда.

Аталган көчөдө жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү тротуарларга чыгып кеткен соода түйүндөр менен кеңселердин тепкичтери бузулуп алынууда. Имарат ээлерине шаардык архитектура тарабынан бирдиктүү формада, коопсуз тепкичтердин дизайны берилүүдө.

Белгилей кетсек, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 2-февралына чейин облус аймагындагы ири базарларды жана негизги көчөлөрдү иретке келтирүү максатында мыйзамсыз курулуштарды алуу, коомдук пайдалануудагы жолдорду бошотуу жагы эскертилген.

Максат-жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын сактоо, ыңгайлуу шарт түзүү.

Баткен шаары боюнча 56 мыйзамсыз жана кызыл сызыктан чыккан курулуш объектилери бар. Алардын баарына эскертүүлөр берилген.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы