31 май 2024

Кароолор: 36

Баткен районунундагы Р-4 каналынын ачылыш аземи өттү

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары,Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусуна иш сапары менен келди.

Бакыт Төрөбаев жана КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер,суу чарба тармагынын кызматкерлери, Баткен районун жана Баткен шаарын сугат суу менен камсыздаган Р-4 каналынын салтанаттуу ачылуу аземине катышышты.

Долбоордун алкагында жалпы узундугу 46 км канал курулду.Анын ичинде 16км эски канал толугу менен кайра курулуп, сыйымдуулугу эки эсе жогорулады. 30 км ички чарбалык канал жаңыдан курулду.

Долбоордун сметалык баасы 500,0 млн.сом.

Натыйжада 1500 га жер өздөштүрүлдү.

Мындан сырткары 1540га сугат жерди суу менен камсыздоо жакшырды.

Курулуш Кытай Эл Республикасы тарабынан грант катары каржыланды.

Долбоордун алкагында 28,5 га жер аянтына тамчылатып суугаруу системасы да курулуп бүткөрүлүп,муниципалдык бакка айланды. Курулуштун баасы -76,9 млн.сом.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы