03 март 2025

Кароолор: 33

Баткен районунун жаңы жетекчилиги кызматына киришти

Маалым болгондой, Иманалиев Данир Белекович, Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалган. Тиешелүү тескемеге Президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми Асанов Жоомартбек Адыбекович, Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Жетекчилерди райондун активине бүгүн КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы