04 февраль 2026
Кароолор: 8
Баткен районунун Жаңы-Жер айылында заманбап сугат системасы курулуп, 200 гектар аянтка интенсивдүү бак отургузулат
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен районунун Жаңы-Жер айылында ишке ашырыла баштаган, заманбап сугат инфраструктурасын өнүктүрүү жана интенсивдүү багбанчылыкты жайылтуу долбоорунун курулушунан кабар алды.
Долбоордун жалпы өздөштүрүлүүчү аянты 200 гектарды түзөт. Бул жерде сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен заманбап жемиш бактары уюштурулат. Азыркы учурда көлөмү 25 000 куб метрди түзгөн суу топтоочу резервуар курулууда. Бул сугат мезгилинин бардык учурунда туруктуу жана кепилденген суу берүүнү камсыздайт.
Долбоор үчун республикалык бюджеттен 54 млн сом каржыланат. Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттен каржылоо каралган.
Жергиликтүү багбандар өз каражаттарын топтоп, бак өстүрүүнү өнүктүрүүгө, техника жана көчөт материалдарын сатып алууга инвестиция салууну пландаган.
Натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында айыл чарба кооперативи түзүлүп, ал сугат системасын пайдаланууга жана фермерлердин ишин координациялоого ынгайлуу шарт түзөт.
Аймакта жогорку түшүм берүүчү өрүктүн заманбап жарым карлик сортторунун көчөттөрүн отургузуу пландалууда. Бул түшүмдү эртерээк алууга, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана суунун чыгымын кыйла азайтууга мүмкүндүк берет.
Долбоордун ишке ашырылышы багбанчылыкты өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын кирешесин көбөйтүүгө жана Баткен районунун суу ресурстарын туруктуу пайдаланууга багытталган.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы