09 декабрь 2025

Кароолор: 5

Баткен районунун Самаркандек айылында мөмө жемишти кайра иштеткен ишкана иштеп жатат

Ишкана күнүнө 2 тонна мөмө-жемишти кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ишкана жергиликтүү ишкер тарабынан түптөлгөн. Мында кургатылган мөмө-жемиштер атайын техниканын жардамы менен жуулуп, кургатылып, андан соң таңгакталат.

Кургатылган мөмө жемиштер жергиликтүу багбандардан сатылып алынат.

Даяр продукция жергиликтүү дүкөндөргө жана, Казакстанга, Орусияга сатылып жатат. Ишканада 12 жумуш оруну түзүлгөн.

Ишкана 31-август Эгемендүүлүк күнүн утурлай пайдаланууга берилген. Жалпы 20млн сомго жакын каражат жумшалган.

Баткен районунунун аймагында бүгүнкү күндө мөмө-жемиштерди жууп-тазалап кайра иштетүүчү эки ишкана толук кандуу иштеп жатат.

Жакынкы күндөрү дагы бир кайра иштетүүчү муниципалдык ишкананын ишке кирүүсү күтүлүүдө.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы