12 декабрь 2025

Кароолор: 6

Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы желим идиштерди чыгаруучу өндүрүш ишканасы күнүнө 30миң даана торттун идишин чыгарып жатат

Азырынча продукция Кыргызстандын ичинде сатылууда. Кошуна мамлекеттерден да суроо талаптар болууда. Ал үчүн тамак аш азыктары үчүн контейнерлерди, кофе идиштерин чыгаруу аракеттери көрүлүүдө.

Ишканада автоматташтарылган көп функцианалдуу аппарат иштейт. Ал желим идиштин ар кандай түрүн чыгарууга жөндөмдүү.

Азырынча 8 жумуш оруну түзүлгөн.

Белгилей кетсек, Ак-Татыр айылында ишкерлерди колдоо максатында 50га жер трасформацияланып, өнөр жай зонасы түптөлгөн.Аталган ишкана онөр жай зонасында алгачкылардан болуп шке кирди.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн басма сөз кызматы