17 июль 2025
Кароолор: 12
Баткен районунун 113 тургунуна, 150миң сомдук социалдык контракттын сертификаттары тапшырылды

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, бүгүн, Баткен районунун 113 тургунуна, 150миң сомдук социалдык контракттын сертификаттарын тапшырды.
Облус башчысы өз сөзүндө “мамлекетибиздин камкордугу сиздерге жардам болуп, жашооңуздарды жеңилдетүүгө өбөлгө болсун. Үй-бүлө — бул мамлекеттин тиреги. Ошондуктан сиздер да үй-бүлөңүздөрдүн жашоосун жакшыртууга, балдарыбыздын келечегине шарт түзүүгө аракет кылып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошосуздар” деген ишенимин билдирди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен, 2025-жылдан баштап, социалдык жардам өлчөмү 100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүлгөнүн белгиледи.
2025-жыл үчүн облуска 2054 квота бөлүнгөн. Жыл башынан бери 253 үй-бүлөгө келишим түзүлүп, сертификаттары тапшырылды.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомунун алкагында, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө 100миң сомдон социалдык жардам берилип келген.
Социалдык колдоого муктаж болгон үй бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртуу максатында, Баткен облусунун аймагында 3 жыл ичинде жалпысынан 4 186 үй бүлө, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алышты.
Натыйжада 4 621 жумуш оруну түзүлгөн.
Алар тигүүчүлүк, өндүрүш, мал чарбачылык, соода сатык жана башка тармактар боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүдө.
Алардын ичинен ишкердигин ийгиликтүү ишке ашырган жарандарга пайызсыз кредит берүү долбоорунун алкагында 3 үй-бүлөгө 200 000 сомго чейин пайызсыз кредит берилген.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы