04 февраль 2026
Кароолор: 7
Баткен районундагы Р6 каналы капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүүдө
Сугат каналынын жалпы узунду 15,500км.
Буга чейинки сыйымдуулугу 3,7 куб болгон сугат каналы, оңдоп түзөөдөн соң 4,8кубка көбөйөт.
Натыйжада 2600 гектар жерге суу берүү жакшырат, андан сырткары 300 гектар жерди жаңыдан өздөштүрүү пландалып жатат.
Курулушка керектелүүчү техникалар жана жумушчу күч жетиштүү.
Республикалык бюджеттин эсебинен 463 млн сом каралган.
2026-жылдын январь айында башталган курулуштун сугат мезгилине чейин 1- этабы, сугат мезгилинен кийин 2 этабы жүрөт.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев,тийиштүү жетекчилерге белгиленген курулуш иштерин сугат мезгилине чейин аяктап, суу берүүнү кечиктирбөө жана үзгүлтүккө учуратопоо керектигин айтты.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы