03 май 2026

Кароолор: 9

Баткен районунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Баткен районунда сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

2026-жылдын 2-майында Баткен районунунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында жүргөн селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жеринде жарандык коргонуу кызматынын катышуусунда ыкчам кеңешме өтүп, турак үйлөрдү сел сууларынан тазалоо,элге керек болгон бардык тийиштүү жардамды көрсөтүү боюнча тапшырмаларды койду.

Ак-Татыр айыл аймагынын Өрүкзар, Керме-Тоо, Үч-Дөбө айылдарында болжол менен 50 турак үйдүн короолорун сел каптап, анын ичинен 10 турак үйдүн жер төлөөсүнө сел суулары кирген.

Сел жүргөн айылдардан жалпы 149 адам эвакуацияланып,(35 үй-бүлө), туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган. Ошондой эле Ак-Татыр айылындагы Т.Садыков атындагы орто мектепке жарандарды убактылуу жайгаштыруу пункту уюштурулган.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине жарандык коргонуу кызматтарынан жана жергиликтүү бийликтен жалпы 134 кызматкер, 22 техника тартылган.

Түзүлгөн кырдаалдан улам Баткен районуна “Өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы