22 август 2025

Кароолор: 20

Баткен районунда 3 өндүрүш ишканасы ишке кирет

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен районунун аймагында, жаңыдан бүткөрүлгөн өндүрүш ишканаларынан кабар алды. Алар;

-Самаркандек айылындагы мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү цехи

Цех суткасына 5тонна мөмө жемиштерди кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ишканада 30 жумуш оруну түзүлөт. Долбоордун жалпы наркы 16 000 000 сом

-Ак-Татыр айылындагы желим идиштерди чыгаруучу жана кайра иштетүүчү цехи

Долбоордун жалпы наркы 52 000 000 сом. 30 жумуш оруну түзүлөт.

Ишканада тамак аш азыктары үчүн жогорку сапаттагы чийки заттан желим жана кагаз идиштери чыгарылат. Ошондой эле желим идиштер кайра иштетилет.

-Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылындагы мөмө жемиштерди тоңдуруп сактоочу цехи (ваакуумдук муздаткыч)

500 тонна мөмө жемиштерди сактоого ылайыкташкан. 5 жумуш оруну түзүлөт.

Долбоордун жалпы наркы: 22 000 000 сом

Ишканалар 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы