13 ноябрь 2025
Кароолор: 5
Баткен продукциялары «Кыргызстан Экспо»көргөзмөсүнө катышууда
Баткен облусунун “Алыш Дан Органик”, “Ак-Турпак Групп”, ”Глобал-Гермент” ишканалары Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыргызстан Экспо» көргөзмөсүнө, өз продукцияларын жайышты.
Иш чарада КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жетектеген ишкерлер тобу, Баткенде өндүрүлүп, рынок талаптарына ылайык даярдалган күрүч жана өрүк азыктарын, текстиль продукцияларын экспорттоону сунуштап, кызыкдар тараптар менен кызматташуу макулдашылууда.
Маалым болгондой, өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларды жергиликтүү жарандарга жана эл аралык коомчулукка таанытуу үчүн жыл сайын «Кыргызстан Экспо» аттуу ири көргөзмө өткөрүлүп келет.
Иш-чаранын негизги максаты — ата-мекендик өндүрүшчүлөрдү, экспортко багытталган компанияларды, ошондой эле чет элдик ишкерлерди жана расмий делегацияларды бирдиктүү аянтчага чогултуу аркылуу өз ара кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.
«Кыргызстан Экспо 2025» көргөзмөсү, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы экспортту өнүктүрүү борбору «Кыргыз Экспорт» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте 2025-жылдын 13–14-ноябрында Д. Өмүрзаков атындагы Кичи Арена имаратында өтүүдө.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы