24 декабрь 2024
Кароолор: 70
Баткен облусунун жаңы жетекчиси облус активине тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Шаменов Айбек Асанович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Жаңы жетекчини Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев облус активине тааныштырды.
Айбек Шаменов буга чейин КРнын УКМКнын Төрагасынын орун басары, Антитеррордук борборунун директору кызматын аркалап турган.
Президент Садыр Жапаров кол койгон башка Жарлыкка ылайык, буга чейинки Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары – КР УКМК Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды.
Камчыбек Ташиев жетекчилерди жаңы кызмат орду менен куттуктап, жооптуу иштерине ийгилик каалады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы