30 апрель 2025

Кароолор: 31

Баткен облусунун өнүгүүсүнө салым кошкон инсандар сыйланды

1-Май — Эмгекчилердин күнү, 5-май Конституциянын кабыл алынган күнү, 9-май Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлап, Баткен облусунда эмгектенип, аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн, бир катар инсандарды сыйлоо аземи өттү.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, “эмгек ар дайым сый-урмат менен коштолгону, ар бир адам үчүн анын алга карай умтулуусуна зор түрткү берет” деп белгилеп, азем катышуучуларын май майрамдар менен куттуктап, каалоо тилектерин билдирди.

Облус башчысы салтанаттуу иш чарада облустун ар тараптуу өнүгүүсүнө жигердүү салым кошуп келе жаткан инсандарды “Баткен облусуна 25 жыл” мааракелик медалы, “Ардак грамотасы”, “Алкыш” баракчалары менен сыйлады.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы