02 март 2026
Кароолор: 11
Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик иштер кайра жанданды
Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик иштер кайра жанданды
Бүгүн Баткен районунун Ууч жерлигинде, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын тосуу иштери башталды.
КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев,инженердик иштерди баштоого старт берди.
Курулуш иштерин жүргүзүүгө Мамлекеттик чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин аскер кызматчылары катышат.
Курулушка керектүү жабдуулар жана техникалар толук даяр.
Белгилей кетсек, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган. Ал эми 2026-жылы облуста 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда. Анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырым тосулат. Мындан сырткары Ош облусунда 70чакырым пландалган.2025-2026-жылдары жалпы 420 чакырым кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо мерчемделген.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы