09 апрель 2024

Кароолор: 2

Баткен облусунун футбол ассоциациясынын жаңы президенти шайланды

Бүгүн Баткенде облустук футбол ассоциациясынын жалпы жыйыны өттү.

Ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган облустук жетекчилер, район шаар башчылары, спорт комитеттеринин, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, футбол клубдарынын жетекчилери, машыктыруучулары жана Баткен облустук футбол ассоциациясынын өкүлдөрү катышты. 

Алгач Баткен областынын футбол ассоциациясынын төрагасы Айбек Ражапов, Баткен облусундагы футболдун абалы боюнча кеңири маалымат берди. 

Андан соң, КР Президенти С.Жапаровдун “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө”Жарлыгы чыккандыгына байланыштуу, анын 8-пунктунда аймактык футбол ассоциацияларынын президентинин кызмат ордун Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ээлей тургандыгы белгиленгендигин билдирди. Ага ылайык, ассоциация мүчөлөрүнүн добушу менен, Баткен облустук футбол ассоцациясынын президенттигине КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев шайланды. 

Ал эми анын биринчи вице президенттинине ассоциациянын мурдакы президенти Айбек Ражапов, вице президенттигине КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров шайланды. 

Белгилей кетсек, аталган Жарлык, жергиликтүү бийлик органдарынын футбол союзу менен биргеликте төмөнкү иш-чараларды аткарууга жана жетектөөгө багытталган. 
Алар:
- Футболду өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу;
- Бардык курактагы топтордун командаларынын катышуусу менен республикада футболдук мелдештерди өткөрүүнүн бирдиктүү системасын киргизүү, калктын ар кандай катмарын өзгөчө балдарды жана өспүрүмдөрдү футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү;
- Балдар-өспүрүмдөр мелдештеринин системасын өркүндөтүү;
- Таланттуу спорт жаатындагы жаштарды издөө жана тарбиялоо;
- Калктын футболго туруктуу кызыгуусун калыптандыруу;
- Кыз келиндер футболун өнүктүрүү;
- Белгиленген тартипте футбол боюнча спорттук обьекттерди, материалдык-техникалык базаны чыңдоо;
- Футзал (кичи-футбол) боюнча мелдештердин системасын өнүктүрүү;
- Футбол боюнча машыктыруучу-окутуучулардын жана машыктыруучу кадрларды топтоо.

Жыйында өлкө башчысынын жарлыгын ишке ашыруу, аймакта футболду өнүктүрүү багытында жетишкендиктер жана көйгөйлөр кеңири талкууланып, сунуш пикирлерди эске алуу менен бир катар чечимдер кабыл алынды. 

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы