07 май 2024

Кароолор: 34

Баткен облусунун чек ара аймактарында абал туруктуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстан Республикасынын  Согди облусунун  аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын ортосунда телефондук сүйлөшүү болду. 
Жетекчилер эки облустун чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо  боюнча макулдашып, бүгүн 7-майда кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя, аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп  белгилешти. 
Ошону менен катар, эртең 8-май күнү Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө Баткен жана Согди облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин  окуя болгон жерде жолугушуусу пландалып, окуяны жеринде териштирүү макулдашылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы