02 март 2024

Кароолор: 35

Баткен облусунун бренд продукциялары тандалды

Баткенде экологиялык жактан таза, натуралдуу продукцияларды дүйнөлүк рыноктун талаптарына ылайык, жапон технологиясы менен өндүрүү аракеттери уланууда.

JICA агенттигинин “Бир айыл бир продукт” долбоорунун алкагында жаңыдан чыгарылган баткендик ишкерлердин продукцияларын БРЕНД комиссия карады.

Отурумга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Экономика Министрлигинин бөлүм башчысы Манас Мамбеталиев, Япониянын JICA долбоорунун өкүлү Такехиро Андо катышты. Ошондой эле район-шаар башчылары жана тийиштүү адистерден турган комиссия сунушталган продукцияларга баалоо жүргүздү.

Бул ирет комиссия өрүк майы, жүзүм ширеси, айгүл токочу, дан куурай ширеси, дан куурай токочу, кургатылган ит мурун, Ак-Турпак күрүчүнө сертификат беришти.

Белгилей кетсек, JICA агенттигинин “Бир айыл бир продукт” долбоорунун алкагында 2023-жыл ичинде бир канча продукция чыгаруу пландаштырылган. Бул азыктар экологиялык жактан таза, натуралдуу, уникалдуу продукциялар болууга тийиш.

JICA менен Баткен облусунун кызматташуусунун негизги максаты, өндүрүлгөн продукцияларды рынок шарттарына ыңгайлаштырып, экспорттук потенциалды жогорулатууну көздөйт.

Эске салсак, 2022-жылы аталган долбоор алкагында өндүрүлгөн 8 азыктын түрүнө облуста түзүлгөн бренд комитет тарабынан сертификат тапшырылган.

«Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында, тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана косметикалык буюмдарды өндүрүү технологиялары өндүрүүчүлөргө үйрөтүлүп, аларга бизнес жаатында кеп-кеңеш берилип, товарларды сатууга жардам берүү иштери уюштурулуп келет.

Буга чейин да комиссия кургатылган өрүк кагы, өрүк компоту, сиробу, өрүк данегинен даярдалган косметикалык май жана скраб, желе, мармелад, токочторго сертификат берген.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы