26 май 2025

Кароолор: 7

Баткен облусунун аймагындагы мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүүдө

Бүгүн 26-майда облус аймагындагы мектептерде 2024-2025-окуу жылын жыйынтыктаган акыркы коңгуроо кагылууда. Жер жерлерде салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө.

Облустагы мектептерде 9-классты 10459 окуучу,11-классты 5322 окуучу бүтүрүүдө. Ал эми 1-класска жыл башында 12690 окуучу кабыл алынган.

Бул күнү Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектептеги салтанатка КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Айжигит Акматов катышып, бүтүрүүчүлөргө облус башчысынын куттуктоосун жеткирип, алдыңкы окуучуларды тарбиялаган мугалимдерге сыйлыктарды тапшырды.

"Акыркы коңгуроо" иш-чарасын өткөрүүдө, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун буйругуна ылайык, коопсуздук чараларын камсыз кылуу боюнча бардык тийиштүү мамлекеттик органдар өз багыты боюнча иш алып барууда.

Белгилей кетсек, учурда облуста беш типтүү мектептин курулушу жана төрт мектептин капиталдык оңдоп түзөө иштери жүрүүдө. Бул билим берүү мекемелери жыл соңуна пайдаанууга берилет.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы