06 апрель 2026

Кароолор: 11

Баткен облусунун аймагында айыл чарбасын каттоо кызуу жүрүп жатат

Баткен облусунун аймагында айыл чарбасын каттоо кызуу жүрүп жатат

Маалым болгондой, 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин белгиленген айыл чарбасын каттоо өнөктүгү Баткен облусунун аймагында кызуу жүрүп жатат.

Жалпы облус аймагында 152 284 айыл чарбасын катоосуна тийиш болгон чарба субъектилердин саны пландалса, бүгүнкү күнгө карата 120 025 чарба субьектилери катталып 77,8 % түздү.

Айыл чарбасын каттоону жогорку денгээлде уюштуруп, өткөрүү боюнча КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын буйругу чыгып, комиссия түзүлүп, иш алып барылууда.

Жалпы облус боюнча 20 координатор, 79 инструктор-контролерлор жумушка алынып, окутуу семинарлары өткөрүлүп, 395 каттоочу жумушка кабыл алынды.

Каттоо иштери үчүн аларга керектүү техникалык жабдуулар, интернет, телефон байланышы, авто транспорт каражаттары бөлүнүп берилген.

Каттоо өнөктүгүнүн алкагында, мамлекеттик айыл чарба жана жамааттык чарбалары, дыйкан чарба, фермердик чарбалары, айыл чарба өндүрүшү менен алектенген жеке ишкерлердин чарбалары жана калктын жеке көмөкчү чарбалары, айыл чарбалык каттоого алынууга тийиш.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы