14 февраль 2025
Кароолор: 19
Баткен облусунун аймагында айыл чарба жарманкелери өтүүдө

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, баалардын негизсиз жогорулашын алдын алуу, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо.Бул багытта Баткен облусунун район-шаар, айыл аймактарында айыл чарба жарманкелери өтүп жатат.
Бул өнөктүк аймактарда азык-түлүк бааларын турукташтыруу жана калкты жеткиликтүү баадагы айыл чарба продукциялары менен камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык уюштурулууда.
Жарманкеде жергиликтүү дыйкан фермерлер, багбандар жана ишкерлер өндүргөн продукциясын ортомчусуз түз сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Ал эми тургундар, базар баасынан арзан, экологиялык жактан таза, сапаттуу азык түлүктөрдү сатып алуусуна шарт түзүлүүдө.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы