25 апрель 2025
Кароолор: 7
Баткен облусунун аймагында 8500 кызматкер катышкан ишембилик өттү

Бүгүн 19-апрелде облус аймагында уюштурулган массалык ишембиликтин алкагында, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери, Баткен шаарындагы "Манас" комплексине барышты.
Кызматкерлер эс алуу комплексинин айланасын тазалоо, таштандылардан арылтуу менен ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузушту.
Ишембилике бардык район шаарлардагы мекеме ишканалардын кызматкерлери катышты.
Бул күнү жалпы облус боюнча 20миңден ашуун ийне жалбырактуу жана бак дарак, түрдүү гүл көчөттөрүн отургузуу иштери жүрдү.
Ишембилик КР Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жж тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш аракеттер планы жөнүндө Жарлыгынын,
“Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын,
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун айлана чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүүнүн үч айлыгын жарыялоо жөнүндө буйругунун алкагында ишке ашууда.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы