25 февраль 2025
Кароолор: 22
Баткен облусунун 9 айыл өкмөтүнө эксковатор жана жүк ташуучу атайын техникалар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташтыктын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Баткен жана Талас облустарындагы айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында,учурда Баткен облусунун 43 айылын таза суу менен камсыздоо иштери жүзөгө ашырылып жатат.
Техникалар Баткен облусунун ушул долбоорго кирген айылдарындагы таза суу муниципалдык ишканаларынын техникалык базасын чыңдоо жана курулган суу системаларынын туруктуулугун камсыздоого көмөк көрсөтүү максатында берилди. Алар;
- Кадамжай районунун Майдан, Үч-Коргон, Масалиев, Молдо-Нияз жана Исхак-Полотхан айыл аймактары
- Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактары
- Лейлек районунун Сумбула жана Кең-Талаа айыл аймактарындагы таза суу ишканалары болду.
Техникалардын жалпы баасы 558 000 $ АКШ долларын түзөт.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы