09 апрель 2026
Кароолор: 8
Баткен облусунда жол коопсуздугу, мыйзамсыз курулуштар жана коопсуздук маселелери талкууланды
Баткен облусунда жол коопсуздугу, мыйзамсыз курулуштар жана коопсуздук маселелери талкууланды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилиги алдында жыйын өтүп, анда үч негизги маселе каралды:
– жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо;
– кооптуу аймактардагы мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана жоюу;
– экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү.
Жыйында белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында облус аймагында 30 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 8 адам каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азайган. Тактап айтканда, 2025-жылдын ушул мезгилинде 40 жол кырсыгы катталып, 11 адам каза болгон. Бул боюнча жол кырсыктарын алдын алуу, айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана көзөмөлдү жогорулатуу боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди.
Ошондой эле облуста сел ташкындарынан кооптуу аймактарда 166 мыйзамсыз курулуш аныкталганы маалымдалды. Бул багытта мыйзамсыз деп табылган объекттерди буздуруу иштери жүрүүдө. Анын ичинде Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарлары бул тапшырманы 100 пайызга аткарганы белгиленди. Калган район-шаарларга да бул ишти ыкчам бүтүрүү тапшырмасы коюлду.
Экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү маселеси боюнча облус аймагындагы абал туруктуу экени белгиленип, алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары системалуу түрдө жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Жыйындын жыйынтыгында каралган бардык маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге так тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын көзөмөлгө алуу белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы