05 март 2026

Кароолор: 4

Баткен облусунда жасалма мөңгүлөр долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда

Баткен облусунда жасалма мөңгүлөр долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм бөлүмүнүн башчысы Азизбек Адылбеков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Роман Свистин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлү Олег Гучгельдиев, ОБСЕнин өкүлү Дмитрий Прудских баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймакта климаттык туруктуу тажрыйбаларды мындан ары кеңейтүү, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу жана ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жасалма мөңгүлөр долбоорунун алкагындагы кызматташууну чыңдоо жана келечектеги биргелешкен демилгелер боюнча пикир алышуу болду.Ошондой эле мындан ары бул ыкманы облустун башка аймактарына жайылтуу макулдашылды.

Андан соң жетекчилер Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак айылындагы Айна-Таш капчыгайында жайгашкан жасалма мөңгүнү жеринен көрүп, анын учурдагы абалы жана топтолгон суунун көлөмү менен таанышышты.

Жасалма мөңгүлөр- кыш мезгилинде сууну топтоп, жаз жана жай айларында айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн пайдаланууга багытталган заманбап жана натыйжалуу ыкма. Бул ыкма суу тартыштыгы күч алган аймактар үчүн өзгөчө маанилүү.

Баткен облусунда бул багыттагы долбоордун алкагында жети жасалма мөңгү курулган. Алар Баткен районунун Газ, Согмент, Булак-Башы, Кайыңды жана Лейлек районунун Айбийке, Көк-Таш, Сумбула айылдарында жайгашкан. Кыш мезгилинин жыйынтыгында жасалма мөңгүлөрдө 1,5 миллион куб метрден ашык суу топтолгон.

Долбоор аймактагы дыйкандарды туруктуу суу менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүп, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун арттырууга шарт түзөт.

Белгилей кетсек, эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан бул долбоор аймактын туруктуу өнүгүүсүнө, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү экономиканын бекемделишине өбөлгө болууда.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы