29 апрель 2025

Кароолор: 9

Баткен облусунда жаңы шифер заводу курулууда

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Партнер шифер” Жоопкерчилиги чектелген коомунун шифер чыгаруучу заводунун курулушу жүрүүдө.

Ишкананын курулушуна жергиликтүү төрт ишкер өнөктөштүктө 70,0 млн сом инвестиция салууда.

Ишканада 1 жыл ичинде 2,0 млн даана асбестцемент шифер өндүрүү пландаштырылууда.

Суткасына 3000 даана шифер чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Жалпы 70тен 100гө чейин жаңы иш оруну түзүлүүсү күтүлүүдɵ.

Даяр өндүрүлгөн продукция, алгач ички рынокто сатуу максатталган.

Шифер заводу быйыл Баткен облусунда ачылуусу пландалган 13 ири өндүрүш ишканасынын бири.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айына курулушу аяктап, алгачкы продукциясын чыгаруу алдында турат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы