29 апрель 2026

Кароолор: 8

Баткен облусунда үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча облустук кеңешме өттү

Баткен облусунда үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча облустук кеңешме өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча облустук кеңешме өттү.

Кеңешме ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаковдун жетекчилигинде өтүп, күн тартибинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери каралды.

Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылдын жыйынтыгы жана 2026-жылдын биринчи чейрегиндеги үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары боюнча статистикалык маалыматтар талкууланып, сунуш-пикирлер айтылып, бир катар чечимдер кабыл алынды. Алар;

• “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, бул багытта иш алып баруучу субъекттердин ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүү;

• Жергиликтүү деңгээлде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча түзүлгөн комитеттердин ишин өзгөчө көзөмөлгө алуу;

• Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ыкчам жана бирдиктүү аракеттерди күчөтүү;

• Ар бир айыл аймагында участкалык инспекторлор тарабынан коркунуч тобундагы үй-бүлөлөрдүн тизмесин жаңылоо;

• Баткен облустук юстиция башкармалыгы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу субъекттер үчүн окутууларды уюштуруу;

• Балдарга карата кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү;

• Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында билим берүү мекемелери менен биргеликте системалуу профилактикалык иш-чараларды уюштуруу.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мекеме-уюмдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына белгиленген багыттар боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди