03 март 2025
Кароолор: 30
Баткен облусунда туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешме өттү

Бүгүн, Баткен облусунун борборунда туризмди өнүктүрүү маселелерине арналган кезектеги кеңешме болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Туризм департаментинин директорунун орун басары, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эл аралык кызматташуу, инвестиция жана туризм бөлүмүнүн башчысы, райондук администрациялардын орун басарлары, ошондой эле жергиликтүү туризм тармагында иш алып барган ишкерлер катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Баткен облусунун туристтик брендин кабыл алуу, аны жайылтуу, облустун туристтик потенциалын жогорулатуу, инфраструктураны жакшыртуу жана жаңы туристтик маршруттарды иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова өз сөзүндө Баткен облусунун уникалдуу жаратылышы жана тарыхый мурастары ички жана тышкы туристтер үчүн чоң кызыгууну жаратканын белгилеп, бул багытта биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мындан тышкары, кеңешмеде жергиликтүү ишкерлер туризмди өнүктүрүүдө туш болуп жаткан көйгөйлөрүн жана сунуштарын ортого салышты. Жыйындын соңунда катышуучулар туризм тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү жана кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашышты.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары Баткен облусунда туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, аймактын тарыхый жана жаратылыш объектилери туристтер үчүн жеткиликтүү болуп жатат. Мисалы, Мадыген геопаркы, Кан-и-Гут үңкүрү жана Асан-Үсөн чокусу сыяктуу жайлар туристтердин кызыгуусун арттырууда.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы