30 ноябрь 2025

Кароолор: 5

Баткен облусунда шайлоочулардын 36,8% добуш берди

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун, алдын ала жыйынтыгына ылайык,Баткен облусунда саат 20:00гө карата шайлоочулардын 36,8%ы добуш берди.Тагыраагы 1130655 жаран шайлоого катышты.

Район-шаарлар боюнча жарандардын шайлоого катышуусу төмөнкүчө;

Баткен району 38,0%

Кадамжай району 36,3%

Лейлек району 40,0%

Баткен шаары 29,4%

Кызыл-Кыя шаары 32,4%

Сүлүктү шаары 39,5%

Облус аймагында шайлоо участкалары ишин жыйынтыктады.

Шайлоо тынч өттү.

Олуттуу мыйзам бузуу фактылары катталган жок.

Баткен облусунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы