17 ноябрь 2024

Кароолор: 36

Баткен облусунда шайлоо тынч жана мыйзам чегинде өттү

2024-жылдын 17-ноябры Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо учурунда, Баткен облусунун аймагында мыйзам бузуу катталган жок.

Коомдук саясий абал КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин жеке көзөмөлүндө болду.

Жергиликтүү бийлик тарабынан 219 шайлоо участкаларында бардык тийиштүү шарттар түзүлдү.

950 милиция кызматкери, 424 элдик кошуундар, 300гө жакын милициянын ардагерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп,коомдук тартипти камсыз кылышты.

Бардык район-шаарларда шайлоо өз убагында башталып,өз убагында жыйынтыкталды.

Облус аймагында абал туруктуу.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.