05 март 2026

Кароолор: 4

Баткен облусунда санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды

Баткен облусунда санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды

Баткен облусунда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын ишмердүүлүгү талкууланган жыйын өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж. Исаков, КРнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева, ошондой эле тармактын облустук, райондук жетекчилери катышты.

Алгач Баткен райондор аралык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Асель Кошбаева баяндама жасап, облустагы эпидемиологиялык абал, жүргүзүлгөн текшерүүлөр жана алдын алуу иш-чаралары тууралуу кеңири маалымат берди.

Маалыматка ылайык, айрым жарандардын эмдөөдөн баш тартуусунун кесепетинен кызамык жана кызылча ооруларынын катталуу көрсөткүчү жогорулаган. Бул багытта калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Ошол эле учурда сарыктын (гепатиттин) айрым түрлөрүнө каршы мамлекет тарабынан акысыз эмдөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жаткандыктан, 2025-жылы В түрү боюнча болгону 5 учур гана катталган. Бул алдын алуу иш-чараларынын натыйжалуулугун көрсөтөт.

Жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында облус аймагында жалпы 493 рейддик текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 827 санитардык талап бузуу фактысы аныкталып, 1302 санитардык милдеттендирме берилген. Мыйзам бузгандарга карата жалпысынан 1 874 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө санитардык талаптарга жооп бербеген азык-түлүктөр жок кылынган. Ошондой эле санитардык нормаларды сактабаган 31 объект убактылуу жабылган.

Жыйындын соңунда 2026-жылга карата санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту күчөтүү, эмдөө иштерин активдештирүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин кеңейтүү жана көзөмөлдү мындан ары да күчөтүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы