12 март 2026
Кароолор: 5
БАТКЕН ОБЛУСУНДА РЕСПУБЛИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТҮҮДӨ
2026-жылдын 11–13-мартка белгиленген Баткен облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын катышуусунда “Өзгөчө кырдаал коркунучу жаралганда жана катталган учурда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракеттери” (сел, суу ташкындары) темасында республикалык команда-штабдык машыгуу өтүүдө.
Аталган машыгуу Кыргыз Республикасынын Президенти – Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысы С.Н. Жапаровдун 2026-жылдын 29-январындагы №20 Жарлыгы менен бекитилген Жарандык коргонуунун 2026-жылга карата даярдык планынын негизинде уюштурулууда.
Машыгуунун ачылышына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдер катышты.
Команда-штабдык машыгуунун максаты төмөнкүлөрдү камтыйт:
• өзгөчө кырдаалдар болгон учурда Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын иш-аракеттерин уюштурууну текшерүү;
• кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;
• жабыркаган жарандарды кабыл алуу жана коопсуз аймактарга жайгаштыруу;
• калкты жана аймактарды табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча практикалык иштерди уюштуруу;
• тартылган күч жана каражаттарды башкаруу жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү;
• машыгууда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды иштеп чыгуу.
Машыгууга Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Жарандык коргонуу кызматтары, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, райондук мамлекеттик администрациялар, шаар мэриялары, жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматтары, ӨКМдин түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрү катышууда.
Практикалык иш-чаралар Баткен облусунун аймагында талаа шартында өткөрүлүп, коркунучтун деңгээлине жараша калкты кабарлоо, кооптуу аймактардагы унаа жолдорго чектөө киргизүү, гидротехникалык жана ирригациялык системаларды көзөмөлдөө, жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча бир катар иш-чаралар аткарылат.
Машыгуунун жүрүшүндө Баткен облусунун Жарандык коргонуу тутумунун иш-аракеттери практика жүзүндө ишке ашырылып, тиешелүү усулдук жана методикалык жардамдар көрсөтүлөт.
Бул машыгуу мамлекеттик органдардын өз ара координацияланган аракеттерин чыңдоого, өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана так чечим кабыл алууга, жарандардын өмүрүн сактоого жана материалдык чыгымдарды азайтууга багытталган маанилүү иш-чара болуп саналат.