14 август 2024
Кароолор: 47
Баткен облусунда курулуп жаткан бир катар жолдорду баштоо жана бүткөрүү мөөнөттөрү белгиленди

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Баткен облусуна иш сапары менен келип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен бирге облуста курулуп жаткан жолдордун абалын көрүп чыгышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл 13-август күнү министрге Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондорундагы стратегиялык мааниге ээ болгон, Кара-Жантак, Кан-Бурбалык, Баткен-Кара-Бак, Баткен-Кара-Токой, Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык, Айгүл-Таш-Согмент-Таян, Ак-Сай-Рават, Сүлүктү-Кольцо, Кайрагач-Кулунду-Арка, Самаркандек-Мадиген-Жети-Таш авто жолдорунун абалын көрсөттү.
Жалпысынан быйылкы жылы Баткен облусунда республикалык бюджеттин эсебинен 66 км жолго асфальт төшөө пландалган. 2024-жылга “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча биринчи кезекте каржылап курулуучу объекттердин титулдук тизмесине 34 автомобилдик жолдор кирип, 376,7млн сом акча каражат бөлүнүүсү каралган.
Жетекчилер жол чарба кызматкерлерине каржыланган курулуштарды үзгүлтүксүз жүргүзүп, өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү, сапатына өзгөчө көңүл бурууну талап кылуу менен, ар бир обьекттин аткаруу мөөнөтүн белгилеп беришти. Ага ылайык,
-Лейлек району боюнча,
Раззаков шаарындагы айланма жолуна 20-августка асфальт төшөө иштерин баштоо тапшырмасы коюлду.
Самат-Зомбуруч-Жаркыштак 5км жолун 17-августка баштоо,
Катраң-Өзгөрүш 3км жолун 5-сентябрга баштоо,
Арка 2-Мурас 1км автожолдорун асфальттоону 1-сентябрга кечикпей баштоо жана асфальт төшөө иштерин аба ырайы суутканга чейин, белгиленген мөөнөткө бүткөрүү тапшырылды.
-Кадамжай району боюнча,
Кара-Жантак ( Чек араны делимитациялоонун алкагында Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн айыл ) айылына баруучу узундугу 2,5 км жолду 1-сентябрга,
Жийделик- Ак-Кыя 12 км жолун 1-октябрь,
Тамаша-Кызыл-Булак 3 км жолун 1-октябрь,
Кан-Бурбалык 5км жолун 15-сентябрь,
Кыргыз-Кыштак 1км жолун 1-ноябрь,
Чаувай-Үч-Коргон 1,1км жолун 15-октябрь
Үч-Коргон (Дадабаев көчөсү) 2,8 км жолун 15-октябрга
Айдаркен-Гавуян 3 км жолун 15-октябрга бүткөрүү тапшырмасы берилди.
-Баткен району боюнча,
Баткен-Кара-Токой 7км жолун 20-августка бүткөрүү,
Айгүл-Таш- Согмент 5км жолун 10-августка баштоо,
Бужум-Баткен-Исфара 3км жолун 5-октябрга бүткөрүү,
Кызыл-Бел-Достук 5км жолунун курулушун үзгүлтүксүз улантуу, быйылкы жылдын эсебинен бүткөрүү тапшырылды.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы