20 январь 2026

Кароолор: 25

Баткен облусунда калкты көмүр менен камсыздоо 94% аткарылды

Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунда жергиликтүү калк 94,2 миң тонна көмүр менен камсыздалды, план 94,2% аткарылды.

Учурда облус аймагында 61 көмүр сатуу түйүндөрүндө 1100 тоннадан ашуун көмүр запасы бар.

2025–2026-жылдын күз-кыш мезгилине Баткен облусунун экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча план – 132,5 миң тоннаны түзөт. Анын ичинен 76% же 100,4 миң тонна көмүр калктын керектөөсү болуп эсептелет.

Сүлүктү шаарындагы көмүр казуучу ишканалар ортомчуларсыз жеткирүү алкагында айылдарга 19,3 миң тонна көмүр жеткирип, өздүк наркы менен сатылды.

«Кыргызкөмүр» ААК аркылуу 692,2 тонна көмүр арзандатылган баада берилди. Анын ичинен чек ара аймактарынан көчүрүлгөн 257 үй-бүлөгө 102 тонна көмүр акысыз таратылды, социалдык категориядагы жарандар жеңилдетилген баада камсыздалды.

Социалдык объектилер боюнча

• Билим берүү тармагына керектелген 15,8 миң тонна көмүр 100% жеткирилди;

• Саламаттыкты сактоо тармагында 2,7 миң тонна – толук камсыздалды;

• «Кызыл-Кыя жылуулук» ишканасы штаттык режимде иштеп жатат, көмүр ташуу графикке ылайык жүрүүдө.

Баткен облусунда электр энергиясын үнөмдөө жана белгиленген лимиттердин сакталышын камсыз кылуу боюнча күн сайын көзөмөл иш-чаралары, рейддер жана текшерүүлөр уюштурулуп, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде электр энергиясын өчүрүү графиктеринин так аткарылышы камсыздалууда.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы