12 май 2025

Кароолор: 13

Баткен облусунда быйыл 13 ири өндүрүш ишканалары пайдаланууга берилет

Учурда облуста 13 ири өнөр жай долбоору ишке ашууда. Аларды жыл сонуна чейин пайдаланууга берүү мерчемделген. Алар:

-Кадамжай районундагы “Кожо-Кайыр-1” 300 кВт кичи ГЭСинин курулушу

-Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан Халмион Пром ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан автогазоблок заводунун курулушу

-Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жаткан, Кыргыз-Түрк биргелешкен мунайды кайра иштетүүчү заводу

-Айдаркен шаарныдагы Таш майдалоочу жана бетон аралаштыруучу заводдун курулушу

-Лейлек районунун Катраң айылындагы соода-логистикалык борбордун курулушу

-Лейлек районундагы «Сүлүктү талаа-11» көмүр кени

- Сүлүктү шаарындагы "Адахан" көмүр кени

-Сүлүктү шаарындагы "Мурас" көмүр кени

- Баткен районунун Самаркандек айылындагы логистикалык борбор

- Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы пластикалык калдыктарды кайра иштетүүчү заводу

- Баткен районунун Самаркандек айылындагы жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү цехи

-Кызыл-Кыя шаарындагы шифер комбинатынын курулушу

-Баткен шаарындагы өнөр-жай зонасында жайгашкан асфальт-бетон заводу

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы