17 ноябрь 2024
Кароолор: 43
Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоосуна Баткен шаарындагы №9801 шайлоо участкасынан катышып, добуш берди.
Облуста жалпы шайлоочулардын жалпы саны 345468 жаранды түздү.
Жалпы 219 шайлоо участкасы ачылып, өз иштерин баштады.
Баткен облусу боюнча 22 айылдык кеңеште, 6 шаардык кеңеште шайлоо өтүүдө.
Облустун аймагындагы 6 шаардык кеңеште 166 мандатка 885 талапкер, ал эми 22 айылдык кеңештерде 552 мандатка 1007 талапкер ат салышууда.
Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан бардык участкаларда электр энергиясы, интернет байланышы,жылуулук сыяктуу зарыл болгон бардык шарттар түзүлдү.
Коомдук коопсуздукту камсыздап,мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн 950милиция кызматкери,ИИМдин ардагерлери,элдик кошуундар күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы