17 июль 2025

Кароолор: 12

Баткен облусунда аныкталган мыйзамсыз курулуштардын 80% бузулуп алынып, калыбына келтирилүүдө

Мындан ары жарандардын жерлерди өз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуусунун алдын алуу, автомобиль жолдорунун жээгине тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштыруу жана башаламан соода жүргүзүү кырдаалын тартипке келтирүү максатында, Баткен облусунун аймагында тийиштүү иш аракеттер уланууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин, "Жерлерди өз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын болтурбоо" жөнүндө №109-Жарлыгынын аткарылышы боюнча, 2025-жылдын 30-июнуна карата мыйзамсыз курулган 1260 курулуш объектиси аныкталып, анын ичинен 805 объекти калыбына келтирилип, 271 жаранга эскертүүлөр берилген.

11 жаранга айып пул салынган. 50 обьект сот органдарына өткөрүлүп берилип, ал эми сот органдарына өткөрүп берүү үчүн 52 объекттин документтери даярдалууда.

Ички иштер бөлүмдөрүнө 11 объект, архитектурага 9 объекттин документтери өткөрүлүп, 51 объект муниципалдык менчикке өткөрүлгөн.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндөгү” №56 Жарлыгын негизинде, жалпы жол боюндагы 918 мыйзамсыз курулуш аныкталып, 729 буздурулуп алынды, 58 учуру укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Анын ичинен 639 объект, эл аралык автомобилдик чоң жолдордун боюндагы обьекттер болуп саналат. Бүгүнкү күндө 466 объект жылдырылып, буздурулду. Сот органдарына 3 объект өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз курулуштарды дагы аныктоо иштери уланууда.

Мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан иш аракеттерге карабастан, КРнын мыйзамдарын бузуу менен, жер участокторун, анын ичинде жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди ээлеп алган, өзүнө бөлүнүп берилген жер участокторун, жалпы пайдалануудагы жолдордун жана аймактардын эсебинен өз алдынча кеңейтип алган жарандарга кайрылабыз. Мындай укукка каршы аракеттер үчүн жарандык, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертебиз.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы