17 ноябрь 2024

Кароолор: 30

Баткен облусунда алдын ала жыйынтык боюнча саат 20:00гө карата шайлоочулардын 30,90%ы добуш берди

Тагыраагы шайлоочулардын 107миң 077и шайлоого катышты.

Облуста шайлоочулардын жалпы саны 345468 жаранды түзөт.

Мындан сырткары 1074 жаран аралыктан добуш берүугө арыз берген.

16-ноябрь күнү көчмө урна менен добуш берүүгө 609 жаран катышты.

Жалпы 219 шайлоо участкасы иштеди.

Баткен облусу боюнча 22 айылдык кеңеште, 6 шаардык кеңеште шайлоо өттү.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы