20 март 2026
Кароолор: 2
Баткен облусунда айыл чарбасын каттоо өнөктүгү башталды
Облус аймагында айыл чарбасын каттоо 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлөт.
Айыл чарбасын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун аткаруу максатында, Баткен облусунда ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу менен комиссиянын курамы, жобо жана иш чаралар планы бекитилген.
Бул багытта жалпы облус боюнча 20 координатор, 79 инструктор-контролерлор, 395 каттоочу окутулуп, жумушка кабыл алынган.
Каттоо өнөктүгүнүн алкагында, мамлекеттик айыл чарба жана жамааттык чарбалары, дыйкан чарба, фермердик чарбалары, айыл чарба өндүрүшү менен алектенген жеке ишкерлердин чарбалары жана калктын жеке көмөкчү чарбалары, айыл чарбалык каттоого алынууга тийиш.
Ошондуктан жарандарды айыл чарбасын каттоо үчүн баршаг кызматкерлерге, туура түшүнүү менен мамиле жасоого чакырабыз.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы