23 май 2025
Кароолор: 20
Баткен облусунда 57 объектте курулуш, оңдоп түзөө жана долбоорлоо иштери жүрүүдө

Баткен облусунан 2025-жылга титулдук тизмеге кирип, республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу жалпы 57 объект каралган.Алар:
34 мектеп;
5 спорт комплекс;
8 балдар бакчасы;
2 адмнистративдик имараттар;
4 саламаттыкты сактоо мекемеси;
2 маданият тармагы;
2 таза суу менен камсыздоо объектилери бар.
Алардын ичинен Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан быйылкы жылы жалпы 17 социалдык объекттин курулушун жана капиталдык оңдоп түзөө иштерин бүткөрүү пландалган.
Курулушунун бүтүүсү пландалган 9 жаңы объект:
-Баткен шаарындагы облустук юстициянын административдик имараты
-Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын административдик имараты
-Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу орто мектеп
-Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылындагы 225 орундуу орто мектеп
-Лейлек районунун Миң-Жыгач айылындагы 225 орундуу орто мектеп
-Лейлек районунун Айкөл айылындагы 225 орундуу орто мектеп
-Лейлек районунун Бешкент айылындагы 500 орундуу орто мектеп
- Лейлек районунун Мурас айылындагы спорт комплекси
-Баткен шаарындагы Россия Федерациясы тарабынан курулуучу мектептин инженердик курулмалары
Мындан сырткары 8 объекттин капиталдык оңдоп түзөө иштери бүткөрүлөт.
Жалпысынан 2025-жылдын 4 ай аралыгында курулуштарга 165 385,7 миң сом каржыланды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы