02 февраль 2026

Кароолор: 6

Баткен облусунда 40,5 км жаңы жол курулуп, 83,313 км жолго асфальт төшөлдү

Баткен облусунун аймагында 2025-жылга жалпы 61 жол объектисинде курулуш, оңдоо иштерин аткаруу пландалган.Тагыраагы 92 км шагыл жолдорду куруу жана оңдоо, 118 км жолго асфальт төшөө каралган.Анын ичнде жылдан жылга өтүп каржылануучу объекттер да бар. Бул объектердин жалпы сметалык баасы 4,8 млрд. сом

Иш жүзүндө, жыл ичинде 40,5 км шагыл жол куруу жана оңдоо, 83,313 км жолду асфальттоо иштери аткарылды. Жалпы каржылоо 1 299,8 млн. сомду түздү. Калган жолдор 2026-жылдын планына аткарууга өттү.

2025-жылы курулган жолдор,

Баткен району

Жолду асфальтоо

- Айгул-Таш-Согмент жолунда 4,8км асфальт төшөлдү.

- Баткен шаары, Курманжан Датка көчөсү 1,1км асфальт төшөлдү.

- Чон-Талаа жолунда 4,1км асфальт төшөлдү.

- Баткен-Кара-Бак жолунда 0,3км жолго төшөлдү.

- Баткен-Бужум-Кызыл-Жол жолунда 2,45км асфальт төшөлдү.

- Кара-Токой жолунда 1,8км асфальт төшөлдү.

- Баткен-Кара-Токой жолунда 2,650км асфальт төшөлдү.

- Жаңы Достук айылынын ички көчөлөрү 9,0км асфальт төшөлдү.

Жыйынтыгы-26,2 км

Шагыл жол куруу, оңдоо

- Сары-Талаа-Кызыл-Таш 11км шагыл жол кеңейтилди,

- Кызыл-Таш-Зардалы 7км жол жана узундугу 30м. темир көпүрө курулду,

- Тамдык-Кишемиш 13,5км шагыл жол курулду

- Самаркандек-Даркум 4км шагыл жол оңдолду

Жыйынтыгы-35,5 км

Кадамжай району

Жолду асфальтоо

- Кыргыз-Кыштак автожолунда 1,0км асфальт төшөлдү.

- Жийделик-Ак-Кыя жолунда 6,1к. асфальт төшөлдү.

- Какыр айылынын көчөсү 3,6км асфальт төшөлдү..

- Орозбеков айыл Ɵкмөтүндө Жийде-Булак көчөсү 0,6км, Жанибеков көчөсү 0,753км, Учкун, Кара-Суу көчөлөрүнө 2,95км, Салибаев көчөсүнө 1,34км, асфальт төшөлдү.

- Кара-Шоро-Кара-Казык жолунда 2,65км асфальт төшөлдү

- Жениш айылынын Д. Бабаназаров көчөсүнө 2,42км асфальт төшөлдү.

- Алга айылынын көчөлөрүнө 2,5км асфальт төшөлдү.

- Ош-Раззаков автожоллунун 89 кмдан Кызыл-Кыя өткөрмө пунктуна чейин 2,3км асфальт төшөлдү.

- Нефтепром-Шивран автожолуна 1,9км. асфальт төшөлдү.

- Халмион-Таш-Добо жолунда 3,0км асфальт төшөлдү.

- Жал-Моло-Тескей жолуна 3,0км асфальт төшөлдү.

- Сур-Ормош-Сырт жолунда 4,0км асфальт төшөлдү.

Жыйынтыгы- 38,113км

Шагыл жол куруу, оңдоо

- Кара-Шоро-Кара-Казык жолунда 5км шагыл жол оңдолду.

Лейлек району

Жолду асфальтоо

- Ош-Раззаков 363-369км ( Раззаков ш.) 6,0км асфальт

төшөлдү.

- Кайрагач-Кулунду-Арка жолунда 3,435км асфальт төшөлдү.

- Коргон-Катран-Баул жолунда 3.249км асфальт төшөлдү.

- Катран-Ɵзгөрүш жолунда 3,142км асфальт төшөлдү.

-Раззаков айылынын ички көчөлөрүнө 1,832км асфальт төшөлдү.

- Раззаков шарынын Кара-Таш участогуна 1,342км асфальт төшөлдү.

Жыйынтыгы 19,0 км

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы