21 август 2025
Кароолор: 14
БАТКЕН ОБЛУСУНДА 15 ЖАҢЫ ОБЪЕКТТИН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилүүчү өндүрүш ишканаларынын жана социалдык объекттердин даярдыгын текшерүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептер, спорт залдар жана административдик имараттардын, өндүрүш ишканалырынын курулуш иштери, ички жабдуулары жана коопсуздук талаптарына шайкештиги каралды. Ар бир объект боюнча жооптуу жетекчилерге так тапшырмалар берилди.
Облус башчысы белгилегендей, жаңы ачылуучу объекттер эл үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, билим берүү жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, облустун социалдык-экономикалы жактан өнүгүүсүнө багытталган.
Быйыл Эгемендүүлүк майрамын утурлай Баткен облусунда 15 объект ачылат. Анын сегизи өндүрүш ишканалары, жетөө социалдык объекттер.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы