19 ноябрь 2024
Кароолор: 160
Баткен облусунда 14 айыл өкмөтүнүн башчылары дайындалды

Айыл өкмөтүнүн башчылары, облуста жүргүзүлгөн административдик аймактык реформадан кийин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” №521-жарлыгынын негизинде, райондордун акимдеринин буйругу менен дайындалды.
Бул боюнча Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин 2024-жылдын 18-ноябрында, Лейлек районунун акими Канимет Осмонбековдун 2024-жылдын 19-ноябрында буйругу чыкты.
Баткен району боюнча;
1.Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы - Астанакулов Сагынбек Каныбекович
2.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы - Сабиров Алимбек Ибрахимович
3.Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы-Тилеков Искендербек Каттабекович
4.Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы - Мергенов Келдибек Бурканович
5. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы -Маканов Данияр Галбаевич
6.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы-Кожомбердиев Алисуфян Кожомбердиевич
7.Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы- Эркебаев Ашырали Анарбаевич
Лейлек району боюнча;
1.Жаңы-Жер айыл аймагынын башчысы -Баетов Медербек Мурзабекович
2.Кулунду айыл аймагынын башчысы- Жороев Эмилбек Муктаралиевич
3.Кең-Талаа айыл аймагынын башчысы- Джумабаев Рамис Шайбекович
4.Ак-Суу айыл аймагынын башчысы- Худаяров Рустөмбек Жанибекович
5.Тогуз-Булак айыл аймагынын башчысы-Рахманов Алмазбек Азиреткулович
6.Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысы-Темирбаев Сардарбек Омурзакович
7.Лейлек айыл аймагынын башчысы- Ташбалтаев Өскөнбай Каримовичтер дайындалды.
Белгилей кетсек, административдик аймактык реформанын алкагында, аталган мыйзамдардын негизинде, 2024-жылдын 28-февралында Кадамжай райондук администрациясынын башчысы-аким Болотбек Баяке уулунун буйругу менен, төрт айыл өкмөтүнүн башчысы дайындалган. Алар,
1.Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы - Досанов Халмурза Маликович
2.Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы- Максутов Замирбек Нурмаматович
3.Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы- Абдилатов Эсен Акимович
4.Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы- Шакиров Орозбек Мухтаридинович.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы